Вектордук Кырчын: Көчмөндөр оюндарынын коноктору үчүн World Nomad Games тиркемеси кандай иштейт?

Кыргызстанда 2026-жылдын башкы окуясы — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына бир жумага жетпеген убакыт калды. Оюндарга дүйнө жүзүнөн 100 миңден ашуун адам: туристтер, журналисттер, спортчулар, күйөрмандар, артисттер, кол өнөрчүлөр жана ашпозчулар келери күтүлүүдө. Мындай масштабдуу иш-чарада негизги көйгөйлөрдүн бири — логистика жана коопсуздук. Бул маселелерди чечүүгө ата мекендик иштеп чыгуучулар жана байланыш инженерлеринен турган GeekStudio командасы жардам берет. Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тиркемеси болгон World Nomad Games’ти иштеп чыгышкан. Тиркеме Google Play жана App Store’до жеткиликтүү. Ал жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүнү талап кылбайт жана Оюндар өтүп жаткан жерлерде иш-чаралардын тизмегин ыкчам текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.
World Nomad Games тиркемесинде эмне бар?
Тиркемени биринчи жолу ачканда Кырчындын жана башка жайлардын карталарын жүктөп алуу сунушталат. Алардын көлөмү анчейин чоң эмес. Карта жүктөлгөн соң навигаторду колдонуу үчүн интернеттин керек эмес. Смартфондогу GPS чипи спутник менен түз байланышта иштейт. Уюлдук байланыш толугу менен үзүлүп калса дагы, колдонуучу 3D картадан өзүнүн турган жерин так көрүп, унаа токтотуучу жайга же оюндардагы керектүү объектке оңой бара алат.



Тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт жана колдонууга ыңгайлуу болуп түзүлгөн. Аны бардык курактагы жана дүйнөнүн бардык бурччунан келгендер пайдалана алат. Тиркемеде ДКОнун маданий жана спорттук программасы, иш-чаралардын календары, ошондой эле Чолпон-Атадагы ипподром, «Бишкек-Арена» жана «Рух-Ордо» сыяктуу жайлар тууралуу маалыматтар камтылган.
Бирок андагы эң негизги объект — Кырчындын, башкача айтканда Семенов капчыгайынын картасы. Бул жерде жүздөгөн боз үйдөн турган, бир нече чакырымга созулган «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы жайгашат. Кыргызстандын облустарына, Бишкек жана Ош шаарларына арналган секторлор, чет өлкөлүк делегациялардын зоналары, спорттук ареналар, кол өнөрчүлөрдүн устаканалары, соода катарлары жана тамактануучу жайлар жайгашкан бул аймакта адам оңой эле адашып кетиши мүмкүн. Кадимки спутниктик карталар бул жерде толук жардам бере албайт. Анткени стандарттык карталар мындай чоң көчмөн шаарчанын убактылуу пайда болуп, кийин кайра жок болуп кетишин көрсөтө албайт. Мындан тышкары, тоолуу капчыгайда, атүгүл Starlink болгонуна карабай, байланыштын сапаты туруктуу боло бербейт. Ошондуктан кыргызстандык инженерлер жана топографтар тиркеменин ичинде атайын навигациялык модулду иштеп чыгышкан. Алар дрондордун жардамы менен аймакты так өлчөп, сүрөткө тартып чыгышкан. Ал маалыматтардын негизинде капчыгайдын жогорку тактыктагы 3D картасы түзүлгөн.
Уюштуруучулар бардык боз үйлөр менен чатырлардын жайгашуу планын бекиткенден кийин, ар бир объектке так географиялык координаталар берилген. Тиркеме бардык объектилерди картага жайгаштырып, жердин бийиктигиндеги айырмачылыктарды, сууларды, көпүрөлөрдү жана жолчолорду эске алуу менен аларга баруучу коопсуз маршрутту көрсөтөт. Картада керектүү маалыматтарды гана калтырууга болот. Мисалы, бир баскыч менен башка объектилерди алып салып, экрандан көк-бөрү аянтчаларын, ипподромду, салбуурун өтүүчү жайларды же жаа атуу аянтчаларын гана көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле картадан маданий иш-чаралар өтүүчү жайларды, медициналык пункттарды, гаджеттерди кубаттоочу жайларды, дааратканаларды, унаа токтотуучу жайларды, шаттлдарды жана улуттук тамак-аш сунушталган жайларды табууга болот.
Push-билдирмелер финалдык мелдештердин же сиз жайгашкан сектордогу боз үйдө өтө турган мастер-класстардын башталганын эскертип турат. Ал эми «Мен кайдамын?» деген геолокация функциясы мобилдик интернет жок болсо дагы, сиз турган боз үйдү же секторду аныктап берет. Бул үчүн GPS күйгүзүлүп турушу гана керек.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Биринчиден, Кырчын жана ДКО өтө турган башка жайлардын санарип картасын түзүү он миңдеген адамдардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары жана медициналык бригадалар чакыруунун так координаттарын алып, медициналык жардамды ыкчам көрсөтүп же өрттү ыкчам өчүрө алышат.
Экинчиден, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер көчмөндөр шаарчасынын татаал түзүлүшү менен алдын ала таанышып, Кырчынга келгенде аймакты өз алдынча жана кыйналбай аралай алышат. Ошондой эле көчмөндөр арасында кеңири тараган спорттун түрлөрү тууралуу маалымат алып, өздөрүнө кызыктуу аянтчаларды тандай алышат.
Байланыш жок, телефон кубаты түгөнүп калса эмне болот?
Тиркемени иштеп чыгуучулар бул жагдайларды да эске алышып, анын интернетсиз иштешине өзгөчө көңүл бурушкан. Ошентсе да туристтерге, айрыкча Кырчынга бара тургандарга, өздөрү менен пауэрбанк алып алуу сунушталат. Тоолуу жерде GPS жана тармак издөө телефондун батареясын кадимкиге караганда эки эсе тез отургузушу мүмкүн. Ошондуктан көлөмү кеминде 10 000 mAh болгон тышкы аккумулятор алып жүрүү сунушталат. Пауэрбанкын унутуп калган же жоготуп алган адамдар үчүн атайын эко-кубаттоо станциялары да иштейт.
Ал эми байланыш боюнча Кыргызстандын бардык уюлдук операторлору «Бишкек-Арена» стадионунда жана Ысык-Көл облусундагы ДКО өтүүчү аянтчаларда, анын ичинде Кырчында, байланыш тармагын күчөтүү иштерин жүргүзүштү.
Елена Короткова