Кыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек Жекшенкулов
Кытайдан Кыргызстанга 3 тонна күрүч киргизилген жок
24.08.2026 | 09:46

«Торугарт» фитосанитардык көзөмөл пунктунда адистер Кытайдан импорттолгон 3 тонна күрүч жүктү текшеришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптар сакталбагандыктан, күрүчтү Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берилбей, жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик чек арада фитосанитардык көзөмөл айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнү карантиндик зыянкечтер менен оорулардын жайылышынан коргоо максатында жүргүзүлөт.