Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
КРде казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүгө киргизилген айрым чектөөлөр алынды
27.08.2026 | 15:05

Кыргызстанда коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча киргизилген айрым чектөөлөр алынды. Тиешелүү токтомду Улуттук банктын Башкармасы 24-августта кабыл алды.
Токтомго ылайык, кыргыз сомуна карата накталай казак теңгесин сатып алуу курсун расмий курстун 70 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгилөө боюнча чектөөлөр жоюлду.
Токтом расмий жарыяланган күндөн (27-августтан) тартып күчүнө кирди.
Теги: теңге, Улуттук банк