Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Хорватиядагы мелдешке катышат (видео)
08.01.2024 | 12:56
Кыргызстандык балбан кыздар Хорватиянын борбору Загребде өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
10-14-январда өтө турган мелдешке Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Нурзат Нуртаева (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат. Бул турнирге 68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова барбайт. Анын себеби азырынча белгисиз.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалымат боюнча бул мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары катышпайт.