Катардын Кыргызстандагы элчилиги Ички иштер министрлигине 49 компьютер белек кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Белектерди тапшыруу учурунда элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти укук коргоо органдарынын бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеген.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков элчиге ИИМге көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн терең ыраазычылыгын билдирген.