Кыргызстан менен Кытайдын жазуучулары кызматташтыкты өнүктүрөт

Бишкек шаарында Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Маданият министрлигинин маалыматында, бул документ эки мамлекеттин адабий жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.
Ошондой эле КРдин Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн жетектеген делегация жолугушкан. Кытайдан келген делегациянын курамында Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, КНРдин мурдагы маданият министри Ван Мэн жана ассоциациянын өкүлдөрүкирген.
Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн жазуучулар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, адабий чыгармаларды которуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары заманбап адабияттын өнүгүү тенденциялары жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышкан.