Адылбек Касымалиев «Манас» аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты

Бүгүн, 16-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортуна барып, аны жаңылоо жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Учурда аэропортто масштабдуу реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Анын алкагында аэропорттун терминалы 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Бул аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, тейлөө сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртат.
Буга чейин аэропорттун учуу-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Ошондой эле CAT III заманбап жарыктандыруу системасын орнотулган, бул коюу туманда жана көрүү чектелген учурда да учуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Ал эми азыркы таптар жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле терминалга баруучу жаңы кирүүчү жол салынууда. Мындан тышкары унаа токтотуучу жай менен терминалдын ортосунда жабык жөө адамдар өтүүчү жол курулат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырып, Кыргызстандын авиакомпанияларынын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарылышы тармакты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеген.