Казакстандын Темиртау шаарында 8 жашар кыз балкондон кулап кеткенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 27-июль күнү 2014-жылы туулган кыз ата-энесинин көзөмөлүсүз калган. Ал 2-кабаттын балконунан кулап кеткен.
Маалым болгондой, кыз ар кандай жаракаттар менен Темиртау шаардык ооруканасына жеткирилген.