Казакстанда Коргоо министрлигин текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголду

Казакстанда Коргоо министрлигин комплекстүү текшерүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 13 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш иштери Коргоо министрлигинин уюмдары менен бөлүктөрүнүн ишмердигиндеги мамлекеттик мүлктү уурдоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу.
Мындан тышкары, текшерүү аскердик тартип жана алдын алуу иштери боюнча кемчиликтерди аныктаган.
«Аскер кызматкерлерине карата уставдан тышкаркы мамилелер жана зомбулук көрсөтүүнүн айрым фактылары аныкталып, алар боюнча кылмыш иштери козголду», — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктарын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-октябрдагы кеңешмеде укту. Аткарылган иштер тууралуу Коргоо министрлигиндеги иштердин абалын комплекстүү текшерүү боюнча комиссиянын төрайымы, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Балаева баяндама жасады.
Текшерүү Каспийдеги аскердик машыгуу учурунда жоокерлер каза болгондон кийин демилгеленген.
Акордонун маалыматы боюнча, Мангистау облусундагы трагедия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө топтолуп калган системалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды.
Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары аскердик иш-чараларды пландаштыруудагы олуттуу кемчиликтерди жана мурдагы жетекчилик тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун көрсөттү.
Ошондой эле машыгууларды даярдоодо жана пландаштырууда, тобокелдиктерди баалоодо, десант түшүрүүнү уюштурууда жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоодо олуттуу мүчүлүштүктөр аныкталган.
Командалык курамдын кылмыштуу кайдыгерлик фактылары боюнча сотко чейинки иликтөө иштери уланууда. Беш кызмат адамы камакка алынды.
Кеңешмеде Токаев аскер кызматкерлеринин өлүмүнө күнөөлүү бардык жетекчилер мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектигин билдирди. Президент бул маселени жеке көзөмөлүндө кармап турганын айтты.
Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизиндеги «Хазар қорғаны-2026» машыгуусу учурунда аба ырайынын бузулушу жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкерин деңизге агызып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, калгандары набыт болгон.
Окуя боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 453-беренесинин 2-бөлүгү («Оор кесепеттерге алып келген кызматка кайдыгер мамиле кылуу») жана 465-беренеси («Кеме айдоо эрежелерин бузуу») менен эки кылмыш иши козголгон.
Трагедиядан кийин Казакстандын Коргоо министрлигинин жетекчилигинде масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Коргоо министри, анын орун басары, Башкы штабдын жетекчиси жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы ээлеген кызматтарынан бошотулган.