Moody’s Кыргызстанды кредиттик рейтингин B2ге чейин жогорулатты

Эл аралык рейтинг агенттиги Moody’s Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин B3төн B2ге чейин жогорулатып, рейтинг боюнча «туруктуу» прогноз берди. Бул тууралуу 5-октябрда Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Moody’s мындай чечимди өлкөнүн кредиттик профилинин бекемделиши, ошондой эле макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрдүн туруктуу динамикасы менен түшүндүрдү. Агенттик экономиканын өсүшү уланып жатканын жана анын диверсификацияланып жатканын, киши башына эсептелген ИДПнын өсүшүн, инфраструктурага ири көлөмдөгү инвестициялардын салынышын жана мамлекеттик каржынын бекемделишин белгиледи. Ошол эле учурда мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы төмөндөп жатат.
Бюджеттин киреше базасын бекемдөөгө жана мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган фискалдык саясатка да оң баа берилди.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, кредиттик рейтингдин жогорулашы өлкөнүн эл аралык каржы рынокторундагы позициясын бекемдеп, инвесторлордун ишенимин жогорулатат жана узак мөөнөттүү каржылоону кыйла пайдалуу шарттарда тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Бул өзгөчө бизнес үчүн маанилүү. Кыргызстандын банктары жана компаниялары эл аралык капитал рынокторуна жеңилирээк чыгууга, эл аралык кредиттик рейтингден өтүүгө жана еврооблигациялар жана башка каржы инструменттери аркылуу каражат тартууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.
Министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты катары инвестициялык банк Oppenheimer Europe иш алып барат. Банк өлкөгө эл аралык рейтинг агенттиктери менен иштөөдө көмөк көрсөтөт.