Балетмейстер Айзада Тумакованын юбилейине карата «Сильфида» балети коюлат

11-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театрдын башкы балетмейстери Айзада Тумакованын юбилейлик чыгармачылык кечеси өтөт.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө Ж.-М. Шнейцхоффер жана Г. Лёвенскольддун «Сильфида» балети көрсөтүлөт. Спектаклдин балетмейстери — Айзада Тумакова, дирижёру — Захар Бутенко, коюучу сүрөтчүсү — Садык Мурзаханов.
Башкы партияларды театрдын артисттери аткарышат: Сильфида — Адинай Эмильбекова, Жеймс — Саади Иманкулов, Мэдж — Нурадил Абдыназаров, Эффи — Айдана Галиева, Гурн — Атабек Садыркулов, Мама — Татьяна Майорова.
Айзада Тумакова 2022-жылдан бери аталган театрдын башкы балетмейстери кызматын аркалап келет. Анын жетекчилиги астында «Куйручук», «Раймонда» жана «Сильфида» балеттери сахналаштырылып, балет труппасынын Түштүк Корея менен Испаниядагы гастролдору уюштурулган.