Мектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутат

30.09.2026 | 11:34

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын ата-энелеринен расмий эмес түрдө чогултулган каражаттын көлөмү жылына 2,5 млрд сомго жакын жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Финансы министрлигинин расмий отчетуна таянып билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер мектептерде ремонтко, техникалык кызматкерлердин айлыгына, борго, самынга, тазалоочу каражаттарга жана башка чарбалык муктаждыктарга акча чогултулуп жатканына дайыма нааразы болушат.

«Ар бир WhatsApp-группада ата-энелердин ызы-чуусу: ремонтко акча чогулткула, техничканын айлыгына акча чогулткула, борго, тазалыкка, самынга акча чогулткула. Ата-энелерди ушул чогултуулар тажатып бүттү», — деди парламентарий.

Ал президенттин №134 жарлыгы менен ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Бирок депутаттын айтымында, иш жүзүндө бул талап аткарылбай, кагаз жүзүндө гана калууда.

Эл өкүлү көйгөйдүн себептеринин бири катары мектептердин чарбалык чыгымдары жетиштүү каржыланбаганын жана колдонулуп жаткан нормативдер эскиргенин атады. Ал келтирген маалымат боюнча, борго, тазалоочу каражаттарга жана башка ушул сыяктуу муктаждыктарга 175 млн сом бөлүнөт. Депутаттын эсеби боюнча, бул бир окуучуга жылына болжол менен 115 сомдон туура келет.

«Көйгөйдүн тамыры — бул нормативдер совет доорунан бери кайра каралбай келгенинде. Кагаз жүзүндө Конституциядан баштап президенттин жарлыгына чейин баары бар. Билим берүү акысыз, бирок, тилекке каршы, бүгүн ата-энелердин чөнтөгүнөн 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат», — деди ал.

Парламентарий мектептердеги техникалык кызматкерлердин жетишсиздигине да көңүл бурду. Анын айтымында, ири мектептерде 17 миң сомдун тегерегинде айлык алган үч-төрт техникалык кызматкер чоң аянттарды тазалап жетишпейт. Айрыкча үч сменада иштеген мектептерде бул маселе курч турат.

Депутаттын маалыматы боюнча, мектептердин окуу китептерине, чарбалык муктаждыктарына жана ремонтуна борборлоштурулган тартипте 1 млрд 37 млн сомго жакын каражат бөлүнөт. Анын 175 млн сому борго жана тазалоочу каражаттарга жумшалат.

Ал бир окуучуга карата чарбалык каржылоонун нормативдерин бүгүнкү бааларга жана реалдуу муктаждыктарга ылайык кайра карап чыгууну, ошондой эле техникалык кызматкерлердин штатын жана айлык акысын көбөйтүү маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары, депутат ата-энелерден акча чогултуу боюнча кайрылуулар дагы деле түшүп жатканын белгилеп, бул маселе боюнча тиешелүү протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Кагаз жүзүндө бизде баары бар — Конституциядан баштап президенттин жарлыгына чейин. Билим берүү акысыз, бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө ата-энелердин чөнтөгүнөн 2,5 миллиард сомго жакын каражат чогултулуп жатат.

Улукбек Карыбек уулу

Родители школьников ежегодно собирают около 2,5 млрд сомов — депутат — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты

Scroll to Top