Кыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулат

01.10.2026 | 13:52
В Кыргызстане ежегодно высаживают около 1 млн саженцев леса — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой чарба кызматы өлкөдөгү токой экосистемаларын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу башкаруу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат.

Республика боюнча жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 1 миллионго жакын көчөт отургузулат. Мындан тышкары, мамлекеттик токой фондунун аймактарына 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.

Токойлорду коргоо максатында да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөгө жана токой ресурстарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер аткарылууда.

Токой өрттөрүнүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу үчүн токой чарбаларында өрттөрдү өчүрүү боюнча атайын ыкчам топтор түзүлүп, алар керектүү шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалган.

Ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өрттүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Өрт чыккан учурда аны өз убагында аныктоо жана тез арада өчүрүү боюнча чаралар көрүлөт.

Кыргызстандын токойлорунда илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүүдө экосистемаларга тийгизген таасири эске алынып, химиялык эмес, негизинен биологиялык ыкмалар колдонулат. Бул ыкмалар токой экосистемаларындагы табигый тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Scroll to Top