Таш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону реконструкциядан кийин ачылдыБаткенде селден улам жабылган жолдор ачылып, электр жарыгын берүү калыбына келтирилүүдөКара-Балтада жаңы санитардык полигон курулатНоокен районунда жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имараты ачылды28-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБаткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылды
Казакстанда коронавирустун онунчу учуру катталды
16.03.2020 | 22:15
Казакстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун онунчу учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Даис Ахметшарип кабарлаганын 24.kz басылмасы жазды.
16-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 33 жаштагы айым бир күн мурун Стамбул —Алматы каттамы аркылуу учуп келген.
Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру 13-мартта катталган. Учурда ооруну жуктуруп алган 8 адам Алматы шаарында, экөө Нур-Султан шаарында дарыланууда.
16-январдагы маалыматка ылайык, Казакстандын 1536 жараны стационардык шартта байкоодо турса 1094 жаран үй карантинине алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар