Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлиги

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Үрүмчү шаарында өткөн «Кытай – Евразия» 9-эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Өз сөзүндө КР делегациясынын башчысы Улуу Жибек жолунун чок ортосунда жайгашкан өлкөбүз бүгүнкү күндө аймактын негизги логистикалык жана соода хабына айланып жатканын, ал эми Кытай менен болгон эки тараптуу сооданын көлөмү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 27 миллиард долларга жеткенин белгиледи.
Акунбеков кызматташтыктын негизги кыймылдаткыч күчтөрү (драйверлери) катары масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлорду: чек арадагы иштеп жаткан үч көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» стратегиялык темир жолунун курулушунун башталышын атады. Энергетика секторунда республика ГЭСтерди заманбапташтырууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө басым жасап, бул тармактарга кытайлык технологияларды жана инвестицияларды тартууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле республиканын туруктуу экономикалык өсүшү тууралуу маалыматтарды келтирди: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га, ал эми 2026-жылдын беш айында 12,2%га өскөн. Эскерте кетсек, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) баалоосу боюнча, өлкө экономиканын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин үчилтигине кирет. Акунбеков Кыргызстан каржы-банктык өнөктөштүктү андан ары тереңдетүүгө жана Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы аянтчаларды түзүүгө даяр экенин ырастады.