Эсеп палатасы электрондук аудитке өтөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Эсеп палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Документ мамлекеттик аудит системасын модернизациялоого багытталган. Мыйзам долбоору электрондук аудитке өтүүнү, алдын алуучу ыкманы киргизүүнү, жеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү кыскартууну жана мамлекеттик каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөөдө санариптик технологияларды кеңири пайдаланууну карайт.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, Эсеп палатасы буга чейин болуп өткөн мыйзам бузууларды аныктоодон аларды алдын алууга өтүшү керек. Бул үчүн мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтарды талдоону активдүү колдонуп, аудитти реалдуу убакытка мүмкүн болушунча жакын режимде жүргүзүү сунушталууда.
Негизги жаңылыктардын бири электрондук аудитти киргизүү болмокчу. Текшерүүлөр негизинен мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтарды талдоо аркылуу аралыктан жүргүзүлөт. Ошол эле учурда жеринде жүргүзүлүүчү текшерүүлөр сакталат, бирок алар баштапкы документтерди текшерүү, активдерди инвентаризациялоо же санариптик маалыматтар жетишсиз болгон учурларда гана колдонулат.
Мыйзам долбоорунун авторлору мындай ыкма финансылык тобокелдиктерди эртерээк аныктоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет.
Мындан тышкары, документте президентке караштуу аудиттин жыйынтыктарын кароо боюнча Апелляциялык комиссия түзүү каралган. Аталган комиссияга аудит объектилери Эсеп палатасынын көрсөтмөлөрүнө, сунуштарына жана корутундуларына даттануу үчүн кайрыла алышат.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев комиссиянын курамына президенттин администрациясынын өкүлдөрү гана эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары да кириши керектигин сунуштады.
«Ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн. Мамлекеттик органдардын ортосунда талаш-тартыштар жаралат. Бул жерде болсо Эсеп палатасынан тышкары аткаруу бийлигинин өкүлдөрү гана отурат. Албетте, Президенттин администрациясы кандай чечим кабыл алса, ошондой болот. Бул түшүнүктүү. Ошондуктан, мындай “демократиянын белгиси катары” Жогорку Кеңештин депутаттары дагы катышса жакшы болмок. Бул Эсеп палатасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн керек», — деди ал.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Аяз Баетов алгач Эсеп палатасы менен парламенттин өз ара иштешүүсү өзүнчө форматта жүргүзүлөрүн белгилеп, мыйзам долбоорун азыркы редакциясында кабыл алууну өтүндү.
Ал эми Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов депутаттын сунушуна каршы эместигин билдирди.
«Биз мурда деле кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын киргизүүнү сунуштап келгенбиз», — деди ал.
Андан кийин Аяз Баетов дагы Дастан Бекешевдин сунушуна макул болду.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун депутаттын сунушун эске алуу менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Ошентип, документке аудиттин жыйынтыктары боюнча апелляцияларды караган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн киргизүүнү караган өзгөртүүлөр киргизилет.