Таш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону реконструкциядан кийин ачылды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону толук оңдоп-түздөөдөн кийин ачылды. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Минкабдын маалыматында, аталган спорттук имарат 1963-жылы курулган. Капиталдык реконструкциядан өткөндөн кийин ал 3 миң 975 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап аренага айланды. Стадиондун трибуналары, жарыктандыруу системасы, жасалма газон жана спортчулар үчүн зарыл болгон инфраструктурасы жаңыланды.

Адылбек Касымалиев аземде сөз сүйлөп, акыркы беш жылда спорт тармагын каржылоо көбөйгөнүн жана инфраструктура жаңыланып жатканын белгилеген. Ал футболду өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү мамлекеттин милдети экенин айткан. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Бишкек шаарында 51 миң орундуу «Бишкек Арена» стадиону ачыла турганын белгилей кеткен.