Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөт
14.10.2026 | 17:46

«Бишкекгаз» газ кызматы Арча-Бешик конушунда 14-октябрдан 16-октябрга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот. Буга орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө жүргүзүлө турган иштер себеп болот.
Газ Токомбаев, Тыналиев, Он Арча, Садырбаев, Абдрахманов, Арча-Бешик жана 18-көчөлөрүндө, ошондой эле Арча-Бешик конушунда өчүрүлөт.
Абоненттерден газ өчүрүлгөн убакта энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну суранышты. «Бишкекгаз» ишканасы жүргүзүлүп жаткан иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экенин билдирип, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: газ