Ош шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы
Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
16.10.2026 | 14:11

Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини мекеменин жамаатына айыл чарба министр Эрлист Акунбеков тааныштырды.
Бактыбек Анаркулов 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Ал 1991-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин «гидротехник-инженер» адистиги боюнча, ал эми 1997-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция багытында аяктаган.
Эмгек жолунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген, Аламүдүн районунун акими кызматын аркалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Айыл чарба министрлиги