Кыргызстанда беш жылга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргызстанда беш жылга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргызстанда 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Экономиканы өнүктүрүү үчүн бир топ жагымдуу шарттар түзүлөт.

«Кыргызстанда 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу өлкө экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат.

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>