Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Кийинки апта 2020-жылдагы ажылыкка катто башталат
11.12.2019 | 10:11
2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
10-декабрда болуп өткөн жыйында ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, ажылыкты ачык-айкын өткөрүү үчүн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу чыкканын белгилеп өттү.
“2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Алланын конокторуна жогорку деңгээлде кызмат кылалы, бул өтө соопту иш”, – деди Жоробай ажы Шергазыев.
Мындан сырткары жыйынында 2019-2020-жылдагы өтө турган конкурстар жана ажылыкка каттоо маселеси каралып, декабрь айынын ортосунда конкурстарга жарыялар берилери жана ажылыкка каттоо башталары белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом