Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Тайган жарыш» күмүш монетасы жүгүртүүгө чыкты

25.08.2026 | 13:52
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Тайган жарыш» күмүш монетасы жүгүртүүгө чыкты — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 25-августтан, тарта «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Мекеменин маалыматында, бул монета VI «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026» иш-чарасына арналган. Анын максаты кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу болуп саналат.

Монетанын мүнөздөмөсү жана дизайны:

  • Металлы: күмүш (Ag 925);
  • Номиналы: 10 сом;
  • Салмагы: 28,28 грамм.

Монетанын алдыңкы бетинде тоолордун фонунда үч тайгандын элеси, оюндардын расмий эмблемасы, номиналы жана металлдын сапат белгиси көрсөтүлгөн. Арткы бетинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games» деген жазуу, мамлекеттик герб, тайгандын башы жана чыгарылган жылы (2026) түшүрүлгөн.

Коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Аталган монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 8 миң 900 сом баасында сатылат. Сатуу иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Scroll to Top