Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
«Алтай жана анын достору»: Кыргызстанда балдар үчүн жаңы мультсериал тартылды
24.08.2026 | 10:48

Кыргызстанда 1–5 жаштагы балдарга арналган «Алтай жана анын достору» аттуу жаңы 2D анимациялык сериал тартылды. Кыргыз тилиндеги мультсериал Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында даярдалды.
Сериалдын башкы каарманы — Алтай аттуу күчүк. Ал достору: ак илбирс Асман, коён Мейкин жана чычкан Ширин менен биргеликте кызыктуу окуяларга катышып, айлана-чөйрөнү таанып-билишет. Долбоор балдарды достукка жана жаратылышты коргоого тарбиялоону максат кылат.
Мультсериал жалпы 40 сериядан турат, ар бир эпизоддун узактыгы 5 мүнөт. Долбоорду «Байрак» продакшн студиясы ишке ашырып, режиссёру Максат Болотбек болду.
Анимациялык сериалдын бет ачары бүгүн, 24-августта, УТРКнын «Баластан» телеканалында көрсөтүлөт.
Теги: балдар, мультсериал