Көк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдүДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болдуБакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып бердиКырчындагы этношаарча санитардык күнгө жабылат: иштөө тартиби жана шаттлдардын токтотулушу
Кочкордо оор жүк ташуучу унаа тоголонуп кетти
31.01.2022 | 11:57
Бүгүн таңкы саат 05:30 чамасында Кочкор районунун, Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине ӨКМнин 3 куткаруучусу ыкчам түрдө тартылып, унаадан жабыркаган 2 эркек кишини чыгарышкан. Жабыркагандар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал эми экинчи жарандын абалы туруктуу.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом