КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
30.08.2026 | 14:09

Бишкектеги «Мадина» базарында өрттү өчүрүү иштери уланууда. Кырдаалга баа берүү үчүн куткаруучулар учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Дрондор өрт каптаган аймактан маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берип турат. Алардын жардамы менен адистер өрттүн жайылуу аянтын жана өрт чыккан очокторду аныктап, ошондой эле чатырлардагы жана жетүүгө кыйын жерлердеги кырдаалга баа берип жатышат.
Алынган маалыматтар өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн ишин координациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулууда.
Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жүрөт. Ал Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери менен бирге кырдаалга көз салып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: пожар