Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

31.08.2026 | 17:29
Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 31-августта, Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-монгол мамилелери тарыхый жана маданий байланыштар, көчмөн цивилизацияларынын мурасы менен негизделгенин белгилешти.

Садыр Жапаров азыркы этапта негизги милдет – саясий ишенимди соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорго айландыруу экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан БУУнун алкагында Монголия менен координация жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушууда тараптар эл аралык кызматташтык, экология, туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду улантууга жана кызматташтыкты багыттар боюнча өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Scroll to Top