Видео: «Принцесса Дури» баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Видео: «Принцесса Дури» баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Социалдык түйүндөрдө курьер катары баңгизат тараткандар делген жарандарды сабаган баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 3-апрелде шектүү катары 2001-жылы туулган Г.А. уулу, 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. аттуу жарандар кармалган.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматы менен биргеликте, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, «Принцесса Дури» аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңги заты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, далил заттар алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМден белгилешкендей, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) фактысы боюнча козголгон. Анда, мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды аталган кызматтын өзүнө же жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган топтун мүчөлөрү баңгизат таратып иштеген делген жарандарды сабаган видеосу соцтармактарга тараган.

Баңгизат саткандардын сабалышы боюнча иш козголду. Окуянын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>