Мурунку аялын көчөдөн эсин жоготкуча сабаган. Соттун чечими

Мурунку аялын көчөдөн эсин жоготкуча сабаган. Соттун чечими

Ноокен районунда мурунку аялына зордук-зомбулук көрсөткөн 29 жаштагы жаран үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун өкүмү 2022-жылдын 22-декабрында чыккан. Кочкор-Ата шаарынын 29 жаштагы С.Н. аттуу тургунуна «Бейбаштык» жана «Физикалык күч колдонуу же коркутуу менен жасалган турак-жайдын кол тийбестигин бузуу» беренелери боюнча айып тагылган. Ал мурунку аялына карата зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн жоопко тартылды. Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын Жалал-Абаддагы «Акыйкат» укук коргоо уюмунун жактоочусу Э.Бакиров коргоду.

Айыпталуучу С.Н. жана 26 жаштагы жабырлануучу Д.Л. 2015-жылы үйлөнүшкөн. 2019-жылы алар эки жолго түшүп, 2022-жылдын 1-августунда соттун чечими менен расмий түрдө ажырашып кетишкен.

2022-жылдын 3-августунда С.Н. көчөдөн мурунку жубайына жолугуп калып, ошол жерден кол салып, ур-токмокко алган. Аял эсин жоготуп жыгылган. Акыры ал мурунку күйөөсү сүйрөп барган үйүнөн эсине келген. Үйдөн дагы чыр-чатак уланган. Подъезде турган кошунасы жардам сурап кыйкырганын угуп, аларга барган. Жабырлануучу кошунасынан тез жардам чакыруусун суранган. Кошунасы чалганга кеткенде ал киши качып кеткен.

Биринчи жардам көрсөтүлүп, тез жардам унаасы кеткенден кийин С.Н. кайра кайтып келип, мурунку аялынан эшикти ачууну талап кылган. Терс жооп алгандан кийин ал терезеден темир торлорду чечип, батирге кирген. Ал чөнтөгүнөн бычакты алып чыгып, аялды аны менен гана жашап, анын бардык талаптарын аткарышы керектигин айтып коркуткан.

Анын телефонун бөгөттөн чыгарууну талап кылган. Аял макул болгон эмес. Андан кийин телефонун батареяга ыргытып, сындырып салган.

Эч жакка телефон чала албаган аял таң атканча зордукчунун жанында болгон. Ал өзүнөн тышкары ошол маалда үйдө болгон жашы жете элек үч баласынын өмүрүнөн жана ден соолугунан да корккон.

Ноокен райондук соту 2022-жылдын 22-декабрында Кочкор-Ата шаарынын 29 жаштагы тургуну С.Н.ны жазаны жарым-жартылай кошуу менен, тактап айтканда, «Турак жайдын кол тийбестигин бузуу”, “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү”, “Бейбаштык” беренелери менен айып тагып, үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Сот ошондой эле айыпталуучудан моралдык зыян келтиргендиги үчүн 50 миң сом, жабырлануучунун пайдасына 17500 сом материалдык чыгым жана мамлекеттин пайдасына 50 миң сом өндүрүп берүүгө милдеттендирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>