Кой-Таш айылындагы кырдаалды акыйкатчынын комиссиясы да иликтейт

Кой-Таш айылындагы кырдаалды акыйкатчынын комиссиясы да иликтейт

7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы жагдайларды Акыйкатчы институту да иликтейт. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кой-Таш айылынын тургундардын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын карамагында комиссия иш алып барат. Аталган комиссия буга чейин түзүлгөн мамлекеттик комиссия, эл аралык уюмдар бирге иш алып барат. Комиссияны акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев жетектейт.

Кой-Таш айылынын тургундары акыйкатчы менен жолукканда Атамбаевди кармоо учурунда мыйзам бузуу менен аталган айылдын жашоочулары да негизсиз камакка алынганын айтышкан.

Түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Өкмөттүк аппараттын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

    

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>