ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайт

29.08.2026 | 14:34
ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайт — Новости Кыргызстана

ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда коопсуздукту ар кандай ведомстволордун 15 миңге жакын кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-августта Бишкекте эл аралык иш-чаралар учурунда кызмат өтөй турган күч түзүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө, жарандарга сылык мамиле кылууга жана жардам сурап кайрылгандарга ыкчам көмөк көрсөтүүгө чакырды.

«Негизги принцип — тартип жана жоопкерчилик болушу керек», — деди президент. Ал ошондой эле күч түзүмдөрүнө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү, ал эми ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин тартибин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Коопсуздукту камсыздоого ИИМдин, Коргоо министрлигинин, ӨКМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, салык жана бажы кызматтарынын, ЖАМКнын, Чек ара кызматынын жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин кызматкерлери тартылат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаралар өтө турган объектилерде, расмий делегациялар жүрө турган маршруттарда жана эл көп топтолгон жерлерде күнү-түнү нөөмөттө турушат. ИИМден билдиришкендей, коопсуздукту камсыздоого Бишкек гарнизонунун кызматкерлери гана эмес, өлкөнүн аймактарынан келген бөлүктөр да тартылган.

Теги: ШКУ
Scroll to Top