Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттүКыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуKyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталууда
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдык эсеп боюнча алдыда келе жатат
03.09.2026 | 16:25

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдык эсеп боюнча алдыда келе жатат. 2-сентябрга карата Кыргызстандын куржунунда 9 алтын, 6 күмүш жана 2 коло — жалпы 17 медаль бар. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Командалык эсепте экинчи болуп Орусия келе жатат. Бул өлкөдө 12 медаль: 2 алтын, 4 күмүш жана 6 коло бар. Ал эми Казакстан 7 медаль: 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло менен үчүнчү орунда келе жатат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери Ысык-Көл облусунда өтүүдө. Ага дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн келген спортчулар катышып, спорттун 42 түрү боюнча күч сынашууда. Спорттук мелдештер 6-сентябрга чейин уланат.
Теги: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, медаль