Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Көкпар боюнча мелдештердин 2-күнүнүн жыйынтыгы: Кыргызстан менен Казакстан алдыда
03.09.2026 | 17:56

Бүгүн, 3-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештердин экинчи күнү өттү.
Күндүн жыйынтыгы боюнча катышуучу өлкөлөр төмөнкүдөй упайларды алышты:
- Кыргызстан: 12 — Өзбекстан: 4;
- Казакстан: 14 — Орусия: 1;
- Монголия: 3 — Ооганстан: 0.
Бул күнкү оюндардын жыйынтыгы менен Кыргызстан, Казакстан жана Монголиянын курама командалары жеңишке жетишти.
Эске салсак, кечээ, 2-сентябрда, өткөн көкпар оюнунун жыйынтыгында Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан курама командалары жеңишке жетишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көкпар