«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — Маматалиев
Эми салыктык кызматтарды банктардын мобилдик тиркемелеринен алууга болот
03.09.2026 | 17:09

Мамлекеттик салык кызматы 18 ата мекендик банк менен кызматташып, салыктык кызматтарды алардын мобилдик тиркемелерине киргизди. Бул чара жарандарга салык органына барбастан кызматтарды алууга шарт түзөт.
Банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:
- салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
- салыктык карызды текшерүү;
- электрондук патент алуу;
- жеке ишкер катары катталуу;
- жеке ишкердин күбөлүгүн алуу.
Аталган кызматтарды пайдалануу үчүн банктын мобилдик тиркемесиндеги «Салыктар» же «Салыктык кызматтар» бөлүмүнө кирүү зарыл. Бул долбоор салыктык жол-жоболорду санариптештирүү жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ишке ашырылган.
Теги: Салык кызматы