Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Феликс Уланбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында самбо боюнча алтын медаль утту
03.09.2026 | 16:05

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы самбо боюнча медалдык таймаштар жыйынтыкталды. Турнирдин байгелери үчүн дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 79 эң күчтүү спортчу ат салышты.
Кыргызстандын курама командасы үчүн 79 кг чейинки салмак категориясындагы финал ийгиликтүү аяктады: кыргызстандык самбочу Феликс Уланбеков беларустук атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болду. 64 кг чейинки салмак категориясында россиялык Денис Яковлев жеңишке жетишсе, оор салмакта (98 кг жогору) казакстандык Болат Сапар чемпион болду.
Самбо боюнча мелдештеги жыйынтыктар:
- 64 кг чейин: 1. Денис Яковлев (Россия), 2. Урунлие (Кытай), 3. Жандос Бейшенбаев (Казакстан);
- 79 кг чейин: 1. Феликс Уланбеков (Кыргызстан), 2. Уладзислау Мардусеевич (Беларусь), 3. Мунхабаяр Нергул (Монголия);
- 98 кг жогору: 1. Болат Сапар (Казакстан), 2. Зуфарбек Уралов (Өзбекстан), 3. Глеб Позахирко (Россия).
Теги: ВИК