Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
Коменданттык сааттын убактысы эки саатка кыскартылды
15.04.2020 | 11:39
Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын убактысы 2 саатка кыскартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 15-апрелде парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, 14-апрелде чыгарылган буйрукка ылайык, коменданттык саат кечки 21:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин созулат. Алмаз Орозалиевдин айтымында мындай чечим күндүн узаруусуна жана талаа иштерине жолтоо болбо максатында кабыл алынган.
Ушундай эле буйрукту 14-апрелде Жалал-Абад комендатурасынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен Ош комендатурасынын башчысы Малик Нурдинов да чыгарган.
Буга чейин өзгөчө абал жарыяланган бардык аймактарда коменданттык саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин киргизилген болчу
Рубрики: Жаңылыктар, Коом