Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

06.11.2026 | 16:17
В Нарыне выявили незаконно строящийся бетонный завод — Новости Кыргызстана

Нарын облусунун Жумгал районунда тиешелүү документтери жок курулуп жаткан бетон заводу аныкталды. Ал эми аны салып жаткан компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Анда аталган объекттин архитектуралык-долбоорлоо, уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтери жок экени тастыкталган. Мындан тышкары, ишкана мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Ж энд Б Универсал Сервис» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, айып пул салынган. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген.

Министрлик ишкерлерге жана жарандарга курулуш иштерин баштоодон мурда уруксат кагаздарын мыйзамда белгиленген тартипте даярдоо зарылдыгын эскертти.

Scroll to Top