«Сибирь кыргыздарынын беги Эренек». Бишкектиктер орус окмуштуусун таң калтырды

«Сибирь кыргыздарынын беги Эренек». Бишкектиктер орус окмуштуусун таң калтырды

Орус окмуштуусунун Виктор Козодайдын «Сибирь кыргыздарынын беги Эренек»  китебинин Бишкектеги бет ачары аншлаг менен өттү. Бул тууралуу тарыхчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал илимий китепке байланышкан иш-чарага өтө көп адам топтолгонуна таң калганын айтат.

“Дагы эле эмоциямды баса албай, кечеден алган таасир менен жүрөм. Мен өмүрүмдө биринчи жолу илимий китептин ачылышына 600дөн ашык адам чогулганын көрдүм. Анүстүнө эч кандай жарнама, административдик күч колдонулбай эле социалдык тармак аркылуу маалымат алып топтолушту. Элге толгон залды көрүп, тамагым кургап, толкунданып кеттим. Залда өкмөт өкүлдөрү, тарыхчылар, билимдүү инсандар олтурушту”, — дейт Виктор Козодай.

Бишкектеги Novotel мейманканасында өткөн кечеде Сибирь кыргыздарынын беги Эренек» китебинин 1100 нускасы сатылды.

Китепте тарыхчы Енисей кыргыздарынын тарыхын баяндайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>