Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Коргоо министринин жардамчысы кармалды
13.12.2024 | 15:48
Коргоо министринин жардамчысы, полковник О.У.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал аскер кызматкерлеринен акча алып, алардын кызматтан көтөрүлүүсүнө, дайындалуусуна кол кабыш кылып келген.
Маселен быйыл 25-майда ал министрликтин аймактык бөлүктөрүндө иштеген аскер кызматкерин Бишкектеги райондук комиссариатка которуу үчүн Октябрь райондук комиссариатынын кызматкеринен 100 миң сом алган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
