Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Кыргызстанда «Куурчак» аттуу психологиялык драма тартыла баштады
14.09.2026 | 11:16

«Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси «Куурчак» аттуу психологиялык драма жанрындагы сериалды тартуу иштерин баштады. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сериал үй-бүлөлүк баалуулуктарды, адамдардын ортосундагы мамилени, ишенимди жана турмуштук тандоолорду чагылдырат. Сюжеттин жүрүшү ар бир бөлүктө акырындык менен ачылып, көрүүчүгө өз алдынча жыйынтык чыгарууга шарт түзөт.
Мекеменин маалыматында, алгачкы тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өттү. Тартуу аянтчасында алгачкы кадрлар тартылып, салтка ылайык «тарелка сындыруу» аземи уюштурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: Маданият министрлиги, сериал