Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бишкекте шаар тургунунан 35 миң доллар алып, алдап кеткен деген жаран кармалды
13.12.2024 | 15:14
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, быйыл августта бир жаран шаар тургунуна Toyota Highlander унаасын алып келип берерин айтып, 35 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарбай изин жашырып кеткен. Алданган жаран октябрь айында милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 55 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда анын башка алдамчылык фактыларга катыштыгы текшерилүүдө. Мындан улам милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0505 66 01 11 же 102 номериен кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом