Президент Талас шаарында «Акылман» лицейин ачты
Бүгүн, 11-сентябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Талас шаарындагы «Акылман» лицейинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Лицейдин комплексинде окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол, волейбол жана воркаут аянтчалары жайгашкан. Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар.
Иш-чарада өлкө башчы сөз сүйлөп, аталган лицейдин ачылышы билим берүү тармагында дагы бир маанилүү кадам экенин белгилеген.
“Мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей дагы өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем”,- деген өлкө башчы.
Лицейдин ачылышы менен бирге президент онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектини пайдаланууга берүү аземдерине катышты. Алар:
- 34 мектеп;
- 28 бала бакча;
- 12 спорттук имарат;
- 9 саламаттык сактоо мекемеси;
- 9 маданий объект;
- 11 административдик имарат;
- 2 башка багыттагы объект.
Мамлекет башчысы бул долбоорлор элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга: тегиз билим алууга, татыктуу тарбия берүүгө, саламаттыкты чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, дүйнө тааным, аң-сезимибизди көтөрүүгө, маданиятыбыздын деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгилеген.







