КР Энергетика министрлигине 181,6 млн сомдук 41 бирдик жаңы атайын техника өткөрүлүп берилди

05.06.2026 | 12:27
кабмин

5-июнда Бишкекте КР Энергетика министрлигине 41 бирдиктен турган атайын техниканын партиясын өткөрүп бирүү аземи болуп өттү. Жаңы унаалардын ачкычтарын мекеме жетекчилигине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тапшырды.

Экскаватор-жүктөгүчтөрдү, автовышкаларды, ээрлүү тягачтарды жана бригадалык унааларды камтыган атайын техника «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ААКтын өз каражаттарынын эсебинен жалпысынан 181,6 млн сомго сатылып алынган. Жаңы унаалар инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилине даярдыкты тездетүү үчүн электр тармактарынын облустук филиалдарына бөлүштүрүлөт.

Эрлист Акунбеков техникалык базаны модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча президент Садыр Жапаровдун стратегиясынын бир бөлүгү экенин баса белгиледи. Жабдууларды жаңылоо менен бирге КРда стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда: «Камбар-Ата-1» жана кичи ГЭСтердин курулушу, күн энергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле Токтогул жана Ат-Башы гидроэлектростанцияларынын агрегаттарын жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө.

Теги: кабмин
Scroll to Top