Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Ош шаарындагы Алымбек Датка эс алуу жайына музыкалык фонтан курулат
05.06.2026 | 12:07

Ош шаарындагы Алымбек Датка эс алуу жайында заманбап музыкалык фонтандын курулушу башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Жаңы объект мурунку эски фонтандын ордуна курулат. Долбоорго ылайык, анын узундугу 50 метрди түзүп, жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылат. Фонтан музыканын коштоосунда кыймылдаган заманбап система менен иштейт.
Шаар башчысы Жанарбек Акаев курулушка старт берип жатып, аны сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырган. Анын айтымында, жаңы фонтан эс алуу жайын көрктөндүрүү жана туристтик жагымдуулукту арттыруу максатында салынууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом