Криминал башкарат! Депутат түрмөдөгү кыйноолор тууралуу айтты

Криминал башкарат! Депутат түрмөдөгү кыйноолор тууралуу айтты

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев түрмөлөрдү толугу менен реформа кылып, өзгөртүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы түрмөлөрдө күн сайын миңдеген адамдар кыйноого кабылат.

“Түрмөлөрдү криминал башкарат.  Алар үчүн президент “положенец”, “смортящий” дегендер. Ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана сууга жуунат. Үйүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен гана жейт. Анан акча талап кылышат. Бизге жарандар кайрылып жатышат. Акча берсе гана суу беришет, андан кийин жуунат. Жуунуш үчүн 50-100 сом төлөшөт. Ошону кантип көрбөйсүңөр? Акча берсе, тамакты дароо киргизет, бербесең муздаганда киргизет. Мунун баары кыйноого кирет да. Ким кайда жайгашыш керектигин криминал чечип жатат. Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Бүт жерде кыйноо. Акчаң болсо адамсың, болбосо малдай мамиле кылышат”, — деди депутат.

Ошондой эле, Жанар Акаев Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун статусун көтөрүп, каражат бөлүп берүү керектигин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кыйноо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>