Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Кыргызстандын мамкарызы 6 млрд долларга жакындады
15.06.2022 | 14:15
Кыргызстандын мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында 5 миллиард 92,2 миллион долларды же 418 миллиард 76 миллион 840 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирди.
2022-жылдын март айында бир ай мурункуга салыштырмалуу 65 миллион 180 миң долларга, улуттук валютада 11 миллиард 579 миллион 720 миң сомго азайган. Ошентип, ал 2022-жылга ИДПнын болжолдуу көрсөткүчүнө 58,58% өлчөмүндө иштелип чыкты. Бул 60,2% түзгөн март айына салыштырмалуу 1,62 пайыздык пунктка аз.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын азайышы тышкы карыздын 91 миллион 470 миң долларга азайышына байланыштуу болсо, өлкөнүн ички милдеттенмелери 26 миллион 290 миң долларга көбөйгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика