Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
КТЖнын мурдагы башчысы Василий Дашков үй камагына чыкты
19.05.2021 | 17:48
«Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-майда өткөн сот отурумунда прокурордун келтирген өтүнүчү канааттандырылып, сот Дашковту 18-июлга чейин үй камагына чыгаран.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда Дашков коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилген.
Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасында 2006-жылдан бери иштеп келет. 2020-жылдын апрелинде ал компаниянын жетекчиси болгон. Ушул жылдын март айынын аягында Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору кызматынан бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар