Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз болуп калды

Бишкекте «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы жараксыз болуп калды

Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы муздаткычтын өчүп калганына байланыштуу жараксыз болуп калды. Мындай маалыматты Республикалык иммунопрофилактика борборунан тастыкташты.

Анын айтымында, балким бул окуяга адамдык фактордун катышы болушу мүмкүн жана кызматкерлердин бири кокустан муздаткычты өчүрүп алгандыр.

“Бул окуя апрелдин аягында болгон. Биз дароо ал жакка барып, аталган вакциналарды алганбыз, анткени ал муздаткычтан сырткары 2 саат туруп калса жараксыз абалга келет. Вакцинанын ошол партиясы азыр бизде турат. Элди эмдөөгө колдонулган жок”, — деген ал.

Маалыматка таянсак, аталган учур боюнча акт түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна карата административдик чара көрүлгөн. Элди эмдөө штаттык режимде улануусу үчүн поликлиникага вакцинанын жаңы партиясы жеткирилген.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>