Ош шаарына эки заманбап асма жол куруу пландалуудаКыргызстандын футбол курамасы Кытай Тайбэйин 3:0 эсебинде утту«Токмок-Автожол» пунктунун жанында жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы өтмөк курулатЧаткал районунун акими жана ИИБ башчысы коррупцияга шектелип кармалды16-ноябрга карата аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан-чачын, туман күтүлөтCOP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууланды
“Кухня” сериалынын жылдызы коронавирустун кесепетинен каза болду
17.01.2022 | 09:48
“Кухня” жана “Склифосовский” сериалдарындагы ролдору менен таанылган актёр Иван Рудаков 44 жашында Москвада каза болгонун анын атасы Алексей Рудаков Фейсбук баракчасына билдирди.
Өлүмдүн себеби коронавирус инфекциясы күчөп кеткен.
«Биздин Ванечка, биздин сүйүктүү уулубуз жок! А биз аны менен кантип жашашты билбейбиз! Кимдин кудурети жетсе, анын жан дүйнөсүнүн бейпилдиги үчүн дуба кыл!», деп жазган атасы.
Буга чейин актер COVID-19 жуктуруп, анын кесепетинен жүрөк жана өпкө оорулары козголуп ооруканага жаткырылган.