Кылмыш үчүн моралдык кенемтенин өлчөмүн көбөйтүү сунушталды

Кылмыш үчүн моралдык кенемтенин өлчөмүн көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 7-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Дастан Бекешев, Карим Ханджеза, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Сеидбек Атамбаев, Данияр Толонов жана Гуля Кожокулова тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев адамдын өмүрүн материалдык түрдө баалоо мүмкүн эместигин эске салып: “Колдонуудагы кодексте моралдык залалдын ордун толтуруунун минималдуу суммасы 5000 сом жана максималдуу суммасы 100 000 сом деп белгиленген. Ушундан улам чектөөнү алып салуу жана моралдык компенсациянын суммасын моралдык жана денебойго келтирилген залалдын, ошондой эле келтирилген адептик азаптын оордугуна жараша дайындоо талап кылынат”, – деди.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов адам өлтүрүп алып, ашып кетсе 100 миң сом компенсация төлөө туура эмес экендигин белгилеп, мыйзам аркылуу анын көлөмүн көбөйтүү сунушун колдоорун билдирди. Муну менен катар компенсация төлөөдөгү айрым жагдайларга токтолуп, кылмыштан кийин өз ара чечишип алуу жараяндары боюнча тактоочу суроолорун узатты.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев мыйзамга карата Юстиция министрлигинин жана Жогорку соттун сунуш-пикирлерин камтыган чечимдерин да кошо кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Эмил Жамгырчиев “Белгиленген чектин алынып салынышы, соттордун каалагандай компенсация чегерүүсүн жол ачпайбы?” – деген кооптонуусун билдирип, андыктан атайын методика иштеп чыгуу керектигин жүйө келтирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>