Түркия: Кахраманмараштагы үйдүн урандыларынан бир киши куткарылды

Түркия: Кахраманмараштагы үйдүн урандыларынан бир киши куткарылды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн куткаруучулар тобу өлкөнүн түштүк чыгышындагы Кахраманмараш шаарында үйлөрдүн биринин урандылары астында калган Абдуллах Вели аттуу жигитти куткарды. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин социалдык тармактарда жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

«Түрк куралдуу күчтөрү өлкөнүн тургундарын куткаруу үчүн күрөшүн улантууда«, — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышындагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3,3 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын мамлекеттик желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Ири жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Акыркы маалыматтарга караганда, Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия жана Ракка провинцияларында 1,6 миңден ашуун адам каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>